КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 24-декабры № 703
"Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-декабрындагы № 703 токтому менен жактырылган |
"Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ч.Турсунбеков, К.Самаков, А.Сулайманов, А.Измалкова, У.Кочкоров, З.Бекбоев, М.Мадеминов, М.Султанов, М.Тиленчиева, М.Бакиров, Д.Бекешев, Н.Айдаров, Ж.Кудайбергенов, Х.Коркмазов тарабынан демилгеленген, "Манас" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.
Мыйзамдын ушул долбоорунда эл аралык аэропорттордун аймагында эркин экономикалык зоналарды түзүү жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйба болуп саналаары аныкталган. Эреже катары, ЭЭЗ режиминде иштеген аэропорттор жеке инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн кубаттуу импульс алышып, бул кардар катары авиакомпанияларды тартууда алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилине карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 10.4-пунктунда "Ош", "Ысык-Көл", "Баткен", "Исфана", "Манас" аэропортторун кайра конструкциялоону жана модернизациялоону жүргүзүү жана алардын базасында эркин экономикалык зонаны эмес, авиатранспорттук хабды түзүү каралган.
Ошондой эле, жогоруда аталган Улуттук стратегияда салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы тутумун оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан качууда кездешкен мүмкүнчүлүктөрдү жоюу салык тутумунун киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты боло тургандыгы каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы 2011-2014-жылдарга карата экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга (ЭФСМ) ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Фонд тарабынан колдоого алынган программаны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенген. Ар кандай салыктык жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарыялаган түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана ага жараша Эл аралык валюта фондунун насыялык транштарын чектөөгө алып келиши мүмкүн. Мындан улам Кыргыз Республикасынан Транзиттик ташуулар борборунун кетүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн башка түшпөй калууларына байланыштуу бюджеттин жоготуулары бюджеттин оор абалда калуусуна алып келет.