Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 31-декабры № 732

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү жана сатуу менен байланышкан иштерди өркүндөтүү, алардын Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан пайдаланылышы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 732 токтомуна тиркеме

 

 

"Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобого тиркеме

 

Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын өздүк өндүрүш буюмдарын даярдоо үчүн пайдалануучу, түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуу, сатып алуу, кайра иштетүү ишин жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон ишканалардын ТИЗМЕГИ

 

"Уста" ачык акционердик коому

"Дастан" ТУК" ачык акционердик коому

"Автомаш-радиатор" жоопкерчилиги чектелген коому

"ЛахорСтилМилс" жоопкерчилиги чектелген коому

"Электротерм" стандарттуу эмес жабдуулар заводу" жоопкерчилиги чектелген коому

"Джей Минералс энд Металс" жоопкерчилиги чектелген коому

"Фумал" жоопкерчилиги чектелген коому

"Насос" жоопкерчилиги чектелген коому

"Швын-Фа" жоопкерчилиги чектелген коому

"Сталь-Шесть" жоопкерчилиги чектелген коому

"Мин-Син" жоопкерчилиги чектелген коому

"М.В.Фрунзе атындагы металл прокаттоочу завод" жоопкерчилиги чектелген коому

"Бишкек Вторчермет" жоопкерчилиги чектелген коому

"Маяк" жоопкерчилиги чектелген коому

"МИФУ" жоопкерчилиги чектелген коому

"Вулкан" жоопкерчилиги чектелген коому

"Шун ди Ли" жоопкерчилиги чектелген коому

"Ак-Темир Компани" жоопкерчилиги чектелген коому

"Хай-Хуа" жоопкерчилиги чектелген коому

"Усубалиев" жеке ишкер.".