Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-январы № 21
2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо
иштеринин планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398, 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 12-ноябры № 642, 2014-жылдын 1-декабры № 688, 2014-жылдын 26-декабры № 730, 2014-жылдын 26-декабры № 733, 2014-жылдын 26-декабры № 737, 2015-жылдын 14-январы № 7, 2015-жылдын 15-январы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ченем чыгаруу ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2014-жылга план) бекитилсин.
2. 2014-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар - министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому күчүнө кирген күндөн тартып:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизаларынын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү өткөрүү жөнүндө талаптарды эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2014-жылга планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландоонун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын алар бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2014-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2014-жылга пландын аткарылышын контролдоону ишке ашырсын;
- квартал сайын 2014-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдерү менен жолугушууларды өткөрсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2014-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
4. 2014-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июнундагы № 426 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-январы № 21
2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо
иштеринин планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398, 2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 12-ноябры № 642, 2014-жылдын 1-декабры № 688, 2014-жылдын 26-декабры № 730, 2014-жылдын 26-декабры № 733, 2014-жылдын 26-декабры № 737, 2015-жылдын 14-январы № 7, 2015-жылдын 15-январы № 10, 2015-жылдын 2-февралы №37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)