Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 19-январы № 12
"Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2011-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Фермерлерге арзан кредит" долбоору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 "Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттан бир миллиард сом өлчөмдө бюджеттик ссуда берсин;
- берилген бюджеттик ссудадан түшкөн каражаттарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын топтоочу эсебин ачсын;
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому менен төмөнкүдөй шарттарда (күрөө бербестен) карыздык милдеттенме түзсүн:
а) бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - кредит берилген учурдан баштап 1 жыл;
б) кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - процентсиз;
в) бюджеттик ссуданы пайдалануу максаты - дыйканчылык ("Фермерлерге арзан кредит" долбоору боюнча коммерциялык банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредиттерди берүү);
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому "Фермерлерге арзан кредит" долбоору боюнча кайра берген каражаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоо үчүн кириштелсин.