Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №177 токтому менен бекитилген |
Акциз салыгы боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси) ылайык иштелип чыккан жана Салык кодексинин X бөлүмүнө ылайык акциз салыгын эсептөөгө жана төлөөгө арналган акциз салыгы боюнча отчетту толтуруу тартибин аныктайт.
2. Акциз салыгы боюнча отчеттуулук төмөнкүлөрдөн турат:
1) "Акциз салыгы боюнча отчет" (FORM STI-070);
2) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Өндүрүлгөн продукцияга акциз салыгы" 01 тиркемеси" (FORM STI-070-001);
3) КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Пайдаланган сырьего акциз салыгы" 03 тиркемеси" (FORM STI-070-003);
5) "Акциз салыгы боюнча отчетко "Атайын эсеп" 04 тиркемеси (FORM STI-070-004).
3. Ошону менен акциз салыгы боюнча отчетко 01, 03 жана 04-тиркемелер (FORM STI-070-001, FORM STI-070-003, FORM STI-070-004) алар боюнча көрсөткүчтөр болгон учурларда гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык).
4. Акциз боюнча отчет акциз салыгын төлөөчү тарабынан кийинки салык отчетунун мезгилиндеги айдын жыйырманчы күндөн кийинки күн ай сайын тиешелүү сатык органына берилет.