Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу № 363

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, мурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун актылары менен регламенттелген коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош акча каражатын мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарга жайгаштыруунун тартиби жөнүндө жобо;

- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Жарандарды жекече эсепке алуу системасына каттоонун жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүнүн тартиби жөнүндө нускама;

- Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн № 2 тизме боюнча жеңилдетилген пенсия алуучу адамдарга жана текстиль өнөр жайынын кызматкерлерине пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн (ПК2) эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225, 2020-жылдын 17-июлундагы № 385 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министри

А.Атамбаев