Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 12-июлу №385/13-2
2011-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлундагы № 363-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосундагы Башкы макулдашууга ылайык балдарды эс алуусун уюштуруу жана ден соолугун чыңдоо бөлүгүндө 2011-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана профсоюз органдарынын жетекчилери:
- жайкы мезгилде уюшкандыкта эс алууга балдардын көбүрөөк тартылышын камсыз кылышсын;
- көп тараптуу макулдашууларда жана түзүлгөн жамааттык келишимдерде балдардын эс алуусунун жана ден соолугун чыңдоонун системасына мамлекеттик жана башка колдоону көрсөтүүнү. балдардын ден соолугун чыңдоо тармагын сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу чараларды карашсын;
- балдардын эс алуу индустриясын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык жана башка ишкердик ишке ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги менен бирдикте 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларында болгон окуялардын учурунда каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон республиканын жарандарынын балдарынын жайкы эс алуусун уюштурууну камсыз кылышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөр менен бирдикте:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тарбия берүү процессин өнүктүрүүнү колдоо, ошондой эле балдардын дене тарбия деңгээлин жогорулатуу жана билим берүүчү, мектептен тышкаркы жана спорт уюмдарында спорт менен машыгуу, туризм, сергек жашоо мүнөзүн көндүмдөрүнө үйрөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында мектеп алдындагы балдар аянтчаларын, мугалимдер, тарбиячылар жана дене тарбия мугалимдери үчүн семинарларды өткөрүүнү уюштурушсун;
- өкмөттүк эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциялары менен бирдикте калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын балдарын жана девианттык жүрүм-турумдагы балдарды жайкы эс алууну уюштурууга тартууну камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын, камкорчулуктагы жана көзөмөлчүлүктөгү, асырап алган үй-бүлөдөгү балдардын, жетим балдардын, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель, май жана июнь айларында болгон окуялардын учурунда республиканын каза болгон, жабыр тарткан жана дайынсыз жоголгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнүн балдарынын ден соолуктарын чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн каралган каражатты өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
- балдардын ден соолугун чыңдоого каралган каражаттарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу Кыргызстан профсоюздар федерациясына транзит менен жиберсин.