Загрузка документа…
|
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-июнундагы N 321
токтому менен бекитилген
Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Сөздүк
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин жалпы көлөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
Жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздалышы - бир тургунга эсептелген бюджеттик кызмат көрсөтүүнүн наркына таасир тийгизген калктын түзүмүндөгү, социалдык-экономикалык, климаттык, географиялык жана башка объективдүү факторлордогу жана шарттардагы айырмачылыктарды эске алуу менен тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүнүн деңгээлине негизденип жергиликтүү бюджет тарабынан алына ала турган бир тургунга эсептелген кирешенин көлөмү.
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелердин эсебинен экономикалык өнүгүүнүн, экономикалык түзүмдүн, ошондой эле салык базасынын деңгээлине негизденип жергиликтүү бюджет тарабынан алына ала турган кирешелерди баалоо.
Жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын индекси - бир тургунга эсептелген жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалынын орточо алынган белгилүү топтогу бардык жергиликтүү бюджеттер боюнча ушундай көрсөткүчкө карата катышы.
Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик чыгымдарынын индекси бир тургунга эсептелген бюджеттик кызматтарды көрсөтүүнүн наркына таасир тийгизген тейленген калктын социалдык-демографиялык курамынын өзгөчөлүгүн жана башка объективдүү факторлорду эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн республиканын бардык жергиликтүү бюджеттери (же жергиликтүү бюджеттердин айрым топтору) боюнча орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу бир тургунга эсептелген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын канчалык көп (же аз) сарптоо керек экенин көрсөтөт.
Теңөө трансферттери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджеттерге белгиленген ыкмага жана формулага ылайык өздөрүнүн аймактык бөлүмчөлөрү аркылуу бөлүштүрүлөт.
Теңөө трансферттери кезектеги финансылык жылга бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын квартал боюнча бөлүштүрүүгө ылайык берилет.
2. Жалпы жоболор