Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 20-сентябры № 563
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302, 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 , 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 токтодормунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-декабрындагы № 891 «Кыргыз Республикасында билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясы жөнүндө» токтому менен бекитилген Билим берүүнү каржылоонун орто мөөнөттүү стратегиясын андан ары ишке ашыруу максатында жана билим берүү секторунда каржылоонун мамлекеттик стандарттарын камсыздоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарын аныктоо методикасы;
- 2011-жылдын шарттарында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласы (коммуналдык чыгымдарсыз);
- Билим берүүнү каржылоого жергиликтүү бюджеттерге категориялык гранттарды аныктоочу убактылуу методика жана формула;
- Жан башына каржылоо шарттарында жалпы билим берүүчү уюмдардын бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби;
- Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобо;
- Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун жан башына принцибине которуу графиги.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте:
- региондордо мектепте билим берүүнүн бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын бюджеттик каржылоого керектөөлөрүн жабуу нормативдерин белгилешсин;