Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 23-сентябры № 596
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №117 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу Министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
- 1-пункту "караштуу" деген сөздөн кийин "мамлекеттик мекеме" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- өлчөө каражаттарынын типтерин жана стандарт үлгүлөрдү бекитүү;";
- 13-пунктунда:
бешинчи абзацы "кызматкерлерин" деген сөздөн кийин "жетекчилерин" деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: