Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-ноябры № 719

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын "Коргон" чек ара тозотуна майор Абдылдаев Канат Аликовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Жаш муундарга аскердик-патриоттук тарбия берүү, курман болгон майор Абдылдаев Канат Аликовичтин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын "Коргон" чек ара тозотуна майор Абдылдаев Канат Аликовичтин ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын майор Абдылдаев Канат Аликович атындагы "Коргон" чек ара тозоту деп аталсын".

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө.Бабанов