Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдарына адамдарды окууга кабыл алуунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2020-жылдын 22-июлундагы № 391, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Тартип Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобого ылайык иштелип чыкты.
1. Жалпы жоболор
1. Бул кабыл алуу тартиби уюштуруучулук укуктук формаларына (ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына) карабастан, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү программаларды ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салат.
Бул кабыл алуу тартиби менен жөнгө салынбаган маселелерди кесиптик орто окуу жайлар (мындан ары - КООЖ) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча чечишет.
2. Коожго негизги орто же жалпы орто жана кесиптик башталгыч билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар кабыл алынат (эгер окуу 2 жыл болсо).
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын жарандары эгер бул деңгээлдеги билим алар тарабынан биринчи жолу алынып жатса, конкурстук негизде мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде акысыз орто кесиптик билим алууга укуктуу.
4. КООЖдорго кабыл алуу конкурстун негизинде ишке ашырылат. Конкурстун шарттары жарандардын билим берүү жаатындагы укуктарын сактоону гарантиялап, жөндөмдүү жана даярдыктуу адамдардын кесиптик орто билим алуусун камсыздоого тийиш.
5. КООЖдордун адистиктеринин тизмеси жана бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо белгиленген тартипте түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. КООЖдор боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен кабыл алуу планы ведомстволук баш ийүүсүндө КООЖдор бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
6. I, II группадагы майып жарандардын, жеңилдиктери жана гарантиялары боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңдештирилген адамдардын, бала кезинен майыптардын, майып балдардын, айылдык жаштардын жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген кыргыз улутундагы адамдардын, ошондой эле жетим балдардын жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдардын ичиндеги жарандарга жыл сайын бюджеттик каражаттын эсебинен адистиктер боюнча кабыл алуу планынын (контролдук цифранын) чегинде квоталар берилет.