Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылдын 28-февралындагы № 108/53/13 токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН БИЛДИРҮҮСҮ

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - КРУБ) координацияланган макроэкономикалык жана акча-кредит саясатын жүргүзүшкөндүгүнүн натыйжасында өлкөдө макроэкономикалык, финансылык жана социалдык туруктуулук камсыз болду.

Алдын ала баалоо боюнча ички дүң продуктунун (ИДП) реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1%га реалдуу төмөндөөнүн ордуна 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 10,5%ды түздү. Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз болду, мында ИДПнын түзүмүнө өнөр жайдан (5,4 п.п.) жана тейлөө чөйрөсүнөн (2,5 п.п.) эң көп алгылыктуу салым киргизилди, мында өндүрүш көлөмү тиешелүү түрдө 34,3%га жана 5,1%га реалдуу өстү. Эң көп өсүш темптери айыл чарбасында - 2,9%га жана курулушта - 12,4%га белгиленди.

Экономика тармактарынын көлөмүнүн өсүшүнө оңдоолордон кийинки Кумтөр кениндеги өндүрүштү өстүрүү, жагымдуу климаттык шарттар, текшерүүлөрдүн, уруксаттамалардын санын жана мамлекеттик жөнгө салуунун башка чараларын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички суроо-талаптарды кеңейтүү жана жыл ичинде экспорттук продукцияга жагымдуу конъюнктураны сактоо көмөк көрсөттү.

Экономика тармагындагы өсүш өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы менен коштолот. Калктын кирешелеринин өсүүсүндө жана эмгек рыногундагы жагдайдын жакшырышы белгиленүүдө. 84,6 миң жумуш орду түзүлдү, бош кызмат орундарына 39,7 миң адам жумушка орноштурулду. 2013-жылдын январь-ноябрында бир жумушчунун бир айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды кошпогондо) 11085 сомду түздү жана 4,9%га өстү. Жалпысынан республика боюнча 2014-жылдын 1-январына карата аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун орточо өлчөмү 5,1%га өстү, бул кепилденген минималдуу кирешенин (КМК) өлчөмүнүн жогорулашына байланышкан; ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпулдардын орточо өлчөмү 0,1%га өстү. Октябрь айындагы кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча пенсиянын орточо өлчөмү пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашынын эсебинен 6,8%га көбөйдү. Пенсионердин жашоо минимумуна (ПЖМ) карата пенсиянын орточо өлчөмүнүн катышы 109,3%га чейин өстү.

Бекитилген параметрлердин алкагындагы социалдык милдеттенмелер аткарылды.

Бааларды турукташтыруу боюнча Өкмөт менен КРУБдун натыйжалуу иш-аракеттери билдирилген маанидеги жылдык инфляциянын бир маанилүү көрсөткүчтөрүнөн ашпаган деңгээлин кармап турууга мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк азык-түлүк базарларындагы баалардын туруктуулугу, ашыкча акча сунуштоону чектөөгө багытталган КРУБ жүргүзгөн акча-кредиттик саясат менен айыл чарба продукциясын сатып алууда ички базардагы сунуштардын көбөйүшү 2013-жылы инфляциянын төмөнкү өсүш темпин шарттады. 2013-жылдагы инфляция 2012-жылдын декабрына карата 4,0%ды түздү, анын орточо жылдык мааниси ушул мезгил үчүн 6,6% болду.

Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык камдыктардын топтолушу менен камсыз кылынат. 2013-жылдын 31-декабрына карата камдыктардын көлөмү 2238,4 млн. АКШ долларын түзүп, 2013-жылдын башынан бери 8,3%га өстү.

Банк секторунун өнүгүшүнүн оң динамикасы белгиленген, бул банк тутумунун суммалык активдеринин 2013-жылдын январь-ноябрь айларында 23,4%га көбөйүүсү менен коштолду жана 107,9 млрд.сомду түздү. Банк секторунун жалпы депозиттик базасы жыл башынан бери 26,8%га көбөйүү менен, 61,0 млрд.сомду түздү, анын ичинде калктын депозиттери 29,1%га өстү.

Банк секторунун кредиттик портфелинин көлөмү 2013-жылдын 30-ноябрына карата жыл башынан бери 31,6%га көбөйүү менен, 52,8 млрд.сомду түздү. Экономикага кредит 2013-жылы жыл башынан бери 36,1%га көбөйүү менен (2012-жылы - 26,2%), 57,2 млрд.сомду түздү.

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2013-жылдын январь-декабрында ИДПга карата 0,8%ды түздү.

Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында 2013-жылы Өкмөт тарабынан Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү тизмегин аныктоочу 2013-жылга карата Иш-чаралардын дыкат планы ишке ашырылды (Өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген). План өлкөнүн экономикасындагы абалды турукташтыруу жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча 149 артыкчылыктуу милдеттерди, ошондой эле 2013-жылдагы өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду камтыйт.