Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 17-марты № 135

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 «Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү ктргтзүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү кызматкерлерине эмгек акы төлөо шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 313 «Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда токтом менен бекитилген Токой жана аңчылык чарбалардын, мамлекеттик коруктардын жана улуттук жаратылыштык парктардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:

5-пунктундагы «эмгек акы фондун үнөмдөөнүн чектеринде» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев