Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 17-марты № 151
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 1996-жыдцын 31-июлу, № 100-102) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Жекече детективдик ишмердигин жүргүзүүгө төмөнкүлөр укуксуз: