Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-марты № 178

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттигин жоюу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 100 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттиги (мындан ары - «Ала-Тоо Финанс» ЧКА) жоюлсун.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 «Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

Ж. Сатыбалдиев