Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген |
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163, 2019-жылдын 28-январындагы № 22, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78
токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.