Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген

Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын

өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.

2. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу ушул Жобого ылайык онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу, ошондой эле аны өткөрбөстөн жүргүзүлөт.

3. Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы жалпыга таанышуу үчүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тизмеги жана наркы (мындан ары - 2-тизмек) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык аныкталат жана жалпыга маалымдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылышат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр

4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автоунаа каражатынын цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси;

онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлүүчү цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жеке адамдарга сатуу методу;

баштапкы баа - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин онлайн-аукциондо баштапкы белгиленген баасы;

онлайн-аукциондун кадамы - онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;

катышуучу - ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныкталуучу, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;

жеңүүчү - онлайн-аукциондо жеңип алган катышуучу;

ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;

тастыктама - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу белгиленген формадагы документ/электрондук документ.

(КР Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

3. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин ачык аукцион өткөрүү аркылуу сатуу

5. Тизмектин (ушул Жобонун тиркемеси) 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер онлайн-аукциондо сатылат.