Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 15-апрели № 214

«Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндѳ» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-бер.) тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:

1. 3-статьядагы «, башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бөлөк укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер» деген сѳздѳр «жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдер» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.