Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2001-жылдын 21-декабры № 800
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу тууралуу
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар аткарылышына байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз өткөрүүнү талап кылган иштердин тизмеси;
- Иммунопрофилактикалоо проблемалары боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медицинамлк техника боюнча департаменти иммунопрофилактикалоо үчүн пайдаланылуучу медициналык иммунобиологиялык препараттардын натыйжалуулук жана коопсуздук сапатын көзөмөлгө алуучу ыйгарым укукту мамлекеттик органы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2002-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
- эмдөөдөн кийинки таталдашууда адамдарды мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылоонун тартибин иштеп чыксын жана камсыз кылсын;
- Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында эмдөөдөн кийинки таталдашуу генезин аныктоо, алардын пайда болгон себептерин тактоо жана андан ары болтурбоо максатында иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча эксперттик комиссияны түзсүн;
- алдын алуу эмдөөлөрдүн Улуттук календарында каралбаган акы төлөнүүчү алдын алуу эмдөөлөрдү жасоонун тартибин аныктасын;
- эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн иштеп чыксын;