Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2002-жылдын 4-майы № 278

"Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл

кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп

атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык жана Ош областтык, Өзгөн райондук жана Мырза-Аке айыл кеңештеринин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ош областынын Алай районундагы Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы турактуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке