КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 27-майы № 281
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 281 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзам долбоору менен алтындын жана күмүштүн куймаларын жана аффинаждалган алтынды жана күмүштү экспорттоого акциз салыгын киргизүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинде акциз салыгы кыйыр салыктардын бири болуп саналары белгиленген.
Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды алуунун прициптерин колдонуунун эл аралык практикасына ылайык «жөнөтүлүүчү өлкө принциби» колдонулат. Бул принцип бир тараптын бажы аймагынан экспорттоодо товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) салык салуудан бошотууну жана импорттолуучу (же импорттолгон) товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) экинчи тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык колдонулуудагы коюмдар боюнча салык салууну карайт.