Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомунун негизинде

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-июлу № 367

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 257-беренесине ылайык, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча жаңы технологияларды ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде:

"ТЭИ ТН коду" графасындагы "9012 10 100 0" цифралары "9021 10 100 0" цифраларына алмаштырылсын;

- төмөнкү позициялар менен толукталсын:

 

2526 20 000 0

"Отто Бокк" талькы <1>

2916 32

Катыргыч-күлмайда <1>

2929 10

Педилен үчүн катыргыч <1>

3005 90 310 0

Чоюлчаак гипс таңгычы <1>

3208 20 100 0

Ортокрил чайыры <1>

3208 90 990 0

Лак НЦ-598 (нитроцеллюлозалык) <1>

3214 10 900 0

Ортокрил майшыбагы <1>

3214 10 900 0

Тез байлоочу майшыбак "Акеми" <1>

3506 10 000 0

"Отто Бокк" контакттуу желими <1>

3919 10 800 0

Жабышкак тасма <1>

3920 10 890 0

Полиэтилен баракчалары <1>

3920 99 590 0

Полимер баракчалары <1>

3920 99 900 0

ОД мультиколору (каптоочу декор) <1>

3921 12 000 0

Көпшөк поливинихлоридден алынган тилкелер <1>

3921 13 100 0

Пластазот <1>

3921 13 900 0

Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" тактачалары <1>

3921 19 000 0

Педилин <1>

5602 10 380 0

Фильц дакрон <1>

6002 90 000 0

Чоюлчаак токума энтилкелер <1>

6003 30 900 0

Перлон токума жең кабы <1>

6114 20 000 0

Мултук бутка кебез каптооч <1>

6114 90 000 0

Мултук бутка жарым жүндөн жасалган каптооч <1>

6805 10 000 0

Жылмалагыч гильза <1>

7019 90 910 0;

7019 90 990 0

Айнек нейлон токума жең кабы <1>

7318 15 900 0

Болот буралгы <1>

7318 29 000 0

Датка чыдамдуу болоттон пластина <1>

7318 29 000 0

Эки көзөнөктүү пластина <1>

7415 29 000 0

Жез кадоо <1>

7318 14 990 0

Бандаж үчүн розетка <1>

7326 90 930 0

Металл планшеттер <1>

8308 90 000 0

Болот тогоолор <1>

8203

Протездөө үчүн аспаптар <1>

6406 20 900 0

Полимер материалдан таман <1>

8443 32 100 9

Брайл шрифти үчүн принтер <1>

4802

Брайл боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз <1>

8469 00 900 0

Брайл боюнча басып чыгаруу машинкасы <1>

 

Жогоруда аталган Тизмекке эскертүү төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси бул товарларды алуучу болуп эсептелет.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев