Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-июлу № 380

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын

 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

182-пункттагы “43” цифралары “50” цифралары менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргызстан элдер ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен иштөө боюнча кайра түзүлүүчү бөлүмдү 2014-жылга каржылоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планынын алкагында каралган финансы каражаттарынын эсебинен караштырсын;

- 2015-жылдан тартып Кыргызстан элдер ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен иштөө боюнча кайра түзүлүүчү бөлүмдү каржылоого республикалык бюджеттен финансы каражаттарын караштырсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев