Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 24-июлу № 419
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 419 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекет тарабынан колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзам долбоорунда башкаларына караганда айрым диндердин артыкчылыктуу абалын белгилөө сунушталат. Ошондой эле салттуу диндер катары исламды жана христианчылыкты (православиени) мыйзамдуу түрдө аныктоо сунушталып жана муну менен жогоруда аталган эки диндин башкалардан артыкчылыгы баса белгиленүүдө. Бул болсо диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган, ошондой эле диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 6-беренесинде республикалык бюджеттен субсидияларды берүү белгиленип жатат.
Бирок, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, эгерде ал мыйзамдарга каршы келбесе, мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишпейт, бир динди же дин тутууну башкалардан кайсы бир жагынан артыкчылыктуу же чек коюлган деп белгилөөжол бербейт, диний уюмдардын ишин жана атеизмди пропагандалоо боюнча ишти каржылабайт.