Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 15-июлу № 393
2014-жылдын 15-июлу № 393 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Техникалык регламент", "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 184 "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Ун-акшак өнөр жайы азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентте:
2-пункттун 1-пунктчасындагы "анын ичинде макарон азыктарына," деген сөздөр "сулу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын:
"34-1 . Даярдоочу ун-акшак өнөр жайынын азыктарын чыгарууда "Тамак-аш азыктарын өндүрүү гигиенасы" техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
"45-1. Даярдоочу ун-акшак өнөр жайынын азыктарын маркалоодо "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Техникалык регламенттин талаптарын сактоого тийиш.";
- 58-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) шайкештикти декларациялоо";