Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-июлу № 429

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын административдик мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

«31. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (административдик мамлекеттик кызматчылар).».

2. Бул токтом 2014-жылдын 1-апрелинен баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев