Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 22-августу № 480

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 323 “2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окугандарды кабыл үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын кайра бөлүштүрүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 323 “2014/2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окугандарды кабыл үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«21. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунун кесиптик орто билимге ээ адистерине болгон керектөөсүн эске алуу менен, 2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгын талдап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчёт берсин.»;

- аталган токтомдун тиркемесинде:

2-пункттагы «100» цифралары «75» цифраларына алмаштырылсын;

3- пункттагы «450» цифралары «550» цифраларына алмаштырылсын;

5- пункттагы «43» цифралары «68» цифраларына алмаштырылсын;

30-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

31-35-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:

31

190604

 

Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо

75

32

190605

 

Көтөрүүчү-унаалык, курулуш, жол машиналарын техникалык пайдалануу

25

33

190701

 

Ташууларды уюштуруу жана унаа кыймылын башкаруу (унаанын түрлөрү боюнча)

25

34

210406

Байланыш тармактары жана коммуникация тутумдары

25

35

220206

Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган тутумдары жана башкаруу (тармактар боюнча)

50