Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 2-сентябры № 518

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-6) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.

2. 1-статья төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары -кинематография) сактоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик кепилдиктерин камсыздоо;".