Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 2-сентябры № 522
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- «Майрам күндөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 852-ХII Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору. 1992-жыл, № 4/2, 190 - ст.);
- «Кыргызстан Республикасынын сот түзүлүшү жөнүндө» Кыргызстан Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргызстан Республикасынын 1992-жылдын 3-июлундагы № 958-ХII Мыйзамы («Свободные горы» газетасы, 1992-жылдын 18-августу, .4» 101);