Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы

№ 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген

Материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык

менчик объекттерин баалоо стандарты

 

1. Жалпы жоболор

1. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоого карата колдонулат.

2. Бул стандарт материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо менен байланышкан негизги түшүнүктөрдү, терминологияны, методикалык ыкмаларды аныктайт.

2. Терминдер жана аныктамалар

3. Бул стандарттын максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

автордук келишим - чыгарманын автору же анын мураскору менен чыгарманы пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү келишимде аныкталган мөөнөткө бул чыгармага карата мүлктүк укуктарды берүү жөнүндө келишим;

материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттеринин идентификацияланышы - өз алдынча эсептик бирдикке (патент, товардык белги ж.б.) бөлүнүүчүлүгү, ал төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалышы мүмкүн:

- бөлүнүүчүлүк касиети (компания активдерди ижарага ала алат, сатат же алмаштырат, ошондой эле бизнестин катышуучуларынын ортосунда конкреттүү келечектеги экономикалык пайданы бөлүштүрүшү мүмкүн);

- юридикалык укуктардын болушу жана мүнөзү;

- бул активден келип түшүүчү келечектеги экономикалык пайданы идентификациялоо;

ноу-хау - купуялуулук камсыздалган шартта ишкананын ишинде колдонулган жана кирешени же башка пайданы алып келген техникалык жана башкаруучулук (административдик, коммерциялык жана финансылык) мүнөздөгү билим жана тажрыйба;