Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 24-ноябры № 665
«Жарнак жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоо киргизγγ тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесиннн 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-берене
«Жарнак жөнундө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлѳр жана толуктоо киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы «жана/же анын аймактык органдары» деген сөздөр алып салынсын.