Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 20-январы № 16

“Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача бузулуусунан улам  келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоо жөнүндө

1-берене. Жөнгө салуу предмети жана максаттары

Ушул Мыйзам керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулагандыгын эске алуу менен жумушкерге иш берүүчүнүн күнөөсүнөн эмгек милдеттерин аткаруу учурунда майып болуусунан, кесиптик оорудан же ден соолугунун башкача  бузулуусунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун суммасын индексациялоонун жалпы тартибин аныктайт.

2-берене. Индексациялоонун маңызы