Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 20-январы № 17

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

14-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасында

көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө»

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы №143 «Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө жободо:

- 3.1.-пункттун 3.1.1.-пунктчасындагы «, аны эл аралык стандарттарга, нормалар менен эрежелерге ылайык келтирүү» деген сөздөр алынып салынсын;

-  4.1.-пункттагы  «ата-мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен жеке адамдарга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4.3.-пункт жана 23, 24-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

- 5.1.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5.2.-пунктунда: