Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 10-марты № 106
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 853 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч катты;
- сыйлануучу адамга сунуштама, анын эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсүн;
- чогулуштардын протоколдорун, коллегиалдуу органдардын сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечимин (коллегиялуу орган жок болсо - жетекчинин чечими);
- ушул Жобонун тиркемесинде белгиленген форма боюнча сыйлоо баракчасын.";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: