Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген |
Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Эсепке алуу токой фондун сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, коргоо, сактоо, токойлорду жаңыртып өстүрүү жана токой фондунун сапаттык жана сандык өзгөрүшүнө тутумдук контролдоо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, кызыкдар жарандарды жана юридикалык жактарды токой фонду жөнүндө ишенимдүү маалыматтар менен камсыздоо үчүн жүргүзүлөт.
2. Эсепке алуу эске алынган көрсөткүчтөргө жараша:
- № 1 форма боюнча, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январындагы абалына карата өткөн календардык жыл үчүн жыл сайын жүргүзүлүүчү жана токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын токой жайгаштыруу уюмуна отчеттук жылдан кийинки жылдын 25-мартына чейин берилүүчү жылдык;
- №1 жана № 2 формалар боюнча, беш жылда бир жолу жүргүзүлүүчү жана токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын токой жайгаштыруу уюмуна тапшырылуучу мезгилдүү эсепке алуу болуп бөлүнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Эсепке алуу мамлекеттик токой фондунун (мындан ары МТФ), өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары ӨКЖА) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына кирбеген токойлор жайгашкан жерлерде жүргүзүлөт.
4. Эсепке алуу токойлорду улуттук инвентаризациялоонун, токой жайгаштыруунун, токойлорду инвентаризациялоонун жана андан башка изилдөөлөрдүн материалдарынын негизинде жүргүзүлөт.
5. Токой фондунда учурдагы болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар жыл сайын токой фондунун аларга бекитилген участокторун мамлекеттик башкарууну ишке ашырган токой чарба ишканаларынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын эсепке алуу документтерине киргизилип турат.
6. Жылдык эсепке алуу документтери жылына бир жолу, мезгилдүү эсепке алуу документтери беш жылда бир жолу жаңыртылып турат.
2. Токой фондун эсепке алуу документтеринин курамы
7. Эсепке алуу токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органы тарабынан төмөндөгү формула боюнча жүргүзүлөт:
№ 1 форма МТФ, ӨКЖА жана МТФ, ӨКЖАга кирбеген токой аянттарынын жерлери боюнча бөлүштүрүү (1-тиркеме);
№ 2 форма - токой аянттарын жана жыгач запастарын басымдуу түрлөр жана жаш топтору боюнча бөлүштүрүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
8. № 1 жана 2-формалар, аларды толтуруу тартиби токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибинин 2 жана 4-тиркемелеринде келтирилген.
9. Токой фондунун негизги көрсөткүчтөрүнүн динамикасын талдоо үчүн, өткөрүлгөн убактысына карабастан эсепке алуу документтери, токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын токой жайгаштыруу уюмунун архивинде жана электрондук маалымат базасында дайыма сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токой фондун эсепке алууга даярдануу
10. Эсепке алууну жүргүзүү датасы токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын буйругу менен белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органынын токой жайгаштыруу уюму иштеп чыккан эсепке алууну жүргүзүү планын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик органы бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эсепке алууну жүргүзүү планында токой чарба ишканаларынын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын эсепке алуунун алгачкы документтерин берүүсүнүн жана даярдык көрүү жумуштарын жүргүзүү мөөнөтү белгиленет, ошондой эле төмөнкү иш-чаралар камтылат:
- эсепке алуунун мезгил аралыгындагы токой фондунда болгон өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу документтерине киргизүүнүн толуктугун жана тууралыгын текшерүү;
- жыл ичиндеги токой фондунун участокторун жана ал жердеги болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, ошондой эле мурунку жылдар үчүн, эгер алар катталбаса нак күбөлөндүрүү жана акт менен каттоо;
- токойлорду корголуу категориялары жана токой фондунун жерлери боюнча бөлүү;
- эсепке алуу документтерин жүргүзүү жүктөлгөн кызматтык адамдарынын нускамасы жана аларга эсепке алууну үйрөтүү.