Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 301, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик өкүлдөрдү кошо алганда, мамлекет тарабынан мамлекеттин өкүлү көрсөтүлгөн мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун (мындан ары - коомдор) Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун критерийлерин, методикасын жана жол-жоболорун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан мамлекеттик өкүлдөр катары көрсөтүлгөн коомдун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишине милдеттүү түрдө баалоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун максаты болуп, анын өнүктүрүү стратегиясын эске алуу менен, коомдун ишине алардын жеке салымын, ошондой эле жалпысынан мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоо үчүн алар тарабынан көрүлүүчү аракеттерди баалоо саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоо төмөнкү методдор менен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдо (мындан ары - Маморган) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү объективдүү баалоо;
- Директорлор кеңешинин ичинде мамлекет көрсөткөн анын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн бири-бирине карата субъективдүү баалоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Объективдүү баалоо Директорлор кеңешинин, анын комитеттеринин ишине катышуу боюнча анын өз милдеттерин аткаруу бөлүгүндө коомдун ишине Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн жеке салымын аныктоого багытталган.
Объективдүү баалоо Маморган тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, Директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрүн коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүүнүн, коомдун Директорлор кеңешинин баалануучу мүчөсү даярдаган отчеттордун жана материалдардын, ошондой эле коомдун катчысы тарабынан Маморганга тапшырылган башка документтердин негизинде жүргүзүлөт.
Объективдүү баалоо жылына 2 жолу жүргүзүлөт:
- биринчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап 6 айдын ичинде;
- экинчи жолу - акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөн күндөн баштап жана акционерлердин кезектеги жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөн айдын аягына чейин.
Маморган Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүн аны объективдүү баалоо жыйынтыктары менен тааныштырууга милдеттүү.
6. Субъективдүү баалоо мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн Директорлор кеңеши боюнча өз кесиптештеринин кесиптик сапаттары жана жөндөмдөрү тууралуу пикирин аныктоого багытталган.
Субъективдүү баалоо өзүнүн ишин баалоону эсепке албаганда, Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү тарабынан жекече, ушул Жобонун 2, 3-тиркемелеринде келтирилген форма боюнча анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн ишин баалоо процессине тартылбашы керек.
Анкеталар жашыруун толтурулат жана Маморганга белгиленген мөөнөттөрдө чапталган конвертте өткөрүлүп берилет.
Субъективдүү баалоо жүргүзүү мезгилдүүлүгү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдүүлүккө окшош, ал эми толтурулган анкетаны тапшыруу мөөнөтү ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык баалоонун кезектеги мезгили өткөндөн кийин, 10 жумушчу күндөн ашпашы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Маморган жана анын кызматкерлери ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардан тышкары, ага берилген субъективдүү баалоо жыйынтыктарын башкача жол менен колдонууга, ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөсүн субъективдүү баалоо жыйынтыктарын алардын макулдугусуз үчүнчү жактарга ачып берүүгө укуктуу эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн ишин объективдүү жана субъективдүү баалоо жыйынтыктарынын негизинде, Маморган тарабынан анын ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү эсептелет.
Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТК) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ИБТК = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zдк мүчөсү Î 0,3), мында:
Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;
Zдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.
Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин баалоонун топтомо көрсөткүчү (ИБТКт) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
ИБТКт = (Кдх мүчөсү Î 0,7) + (Zт Î 0,3), мында:
Кдк мүчөсү - Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин объективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү;
Zт - Директорлор кеңешинин төрагасынын ишин субъективдүү баалоонун жыйынтыктоочу көрсөткүчү.
Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ишин баалоонун эсептелген топтомо көрсөткүчү жалпы кабыл алынган шкалага которулат:
0,9дан 1,0 чейин - "эң жакшы",
0,7ден 0,9 чейин - "жакшы",
0,5тен 0,7 чейин - "канааттандырарлык",
0,5 төмөн - "канааттандырарлык эмес"
жана Маморган тарабынан төмөнкү максаттарда колдонулат:
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн материалдык сыйлоо жөнүндө коомдордун акционерлеринин жалпы чогулушунда маселени демилгелөө;
- анын курамында Директорлор кеңешинин тийиштүү мүчөсүн мындан ары табуу, башкача айтканда аны жаңы мөөнөткө кайра шайлоо, же бул катары анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Директорлор кеңешинин ишин жакшыртуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 301, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)