КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 6-июлу № 454
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 454 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Баткен облусунун статусу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, сунушталып жаткан долбоорго төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.
1. Мыйзамдын долбооруна финансылык-экономикалык эсептөөлөр, илимий жана башка адистештирилген экспертизалардын (укуктук, финансылык-экономикалык ж.б.) актылары, статистикалык маалыматтар кабыл алына турган актынын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, юридикалык жана башка натыйжаларынын болжолу, ошондой эле долбоордун жоболорун негиздөө үчүн керектүү башка маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аталган талап "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси менен белгиленген.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, преамбулага ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбестигин эске алып, Мыйзамдын долбоорунун ченемдик укуктук актынын жөнгө салуучу предметин аныктаган преамбуласын өзүнчө берене түрүндө жазууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын, статусун жана функцияларын аныктоо каралган.
Ал эми "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинде Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын так тизмеси, ошондой эле статусу аныкталган.