Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 2-пунктуна ылайык 2015-жылдын 15-июлундагы № 497,
ушул жобо он эки ай бою күчүндө болот
аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен бекитилген |
Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин лицензиялануучу түрү менен иштөөнү каалаган уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тиешелүү лицензия алууга милдеттүү.
2. Банктык эмес финансылык сектор жаатында лицензиар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы болуп саналат, ал иштердин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет:
- лотереялык ишке (кызыктыруучу лотереядан башкасына);
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү өмүрдү ыктыярдуу топтомо камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жеке камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууга;
- камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө;
- кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүргүзүлүүчү камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кириш кайра камсыздандырууга;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине;
- баалуу кагаздар рыногунда соода-сатыктарды уюштурууга;