Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 377
Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 195, 2026-жылдын 1-июлундагы № 453, 2026-жылдын 3-августундагы № 519 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасы") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.Сариев |
Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 517, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 195, 2026-жылдын 1-июлундагы № 453, 2026-жылдын 3-августундагы № 519 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Малдын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптар (мындан ары - Талаптар) Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
Талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык-санитардык абалды оң кармап туруу, жугуштуу оорулардын айлана чөйрөдөгү козгогучтар жана козгогучтарды сактап, алып жүрүүчүлөр аркылуу жуктурбоого жол бербөөнүн негизинде жаныбарлардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында ветеринардык коопсуздук боюнча чараларды аныктайт.
2. Негизги түшүнүктөр
2. Ушул Талаптарда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат: