КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 15-июлу № 501
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана ѳнѳр жай министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзамдын долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., На 9. 440-ст.) тѳмѳнкγдѳй толуктоолор жана ѳзгѳртγγ киргизилсин:
1. 10-статьянын 3-пункту «байланыштын,» деген сѳздѳн кийин «энергетиканын,» деген сѳз менен толукталсын.
2. Он тѳртγнчγ главанын аталышы «байланыштын,» деген сѳздѳн кийин «энергетиканын,» деген сѳз менен толукталсын.