Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-июлу № 511

Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Жарандык авиациядагы таза атаандаштыкты өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын авиаташуучулары тарабынан жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны абада натыйжалуу ташууларды жүзөгө ашыруу жана жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев