Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 27-августу № 609

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кочкоров У.Т., Бекешев Д.Д., Измалкова А.Н. жана Бакиров М.И. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-августундагы № 609 токтому менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кочкоров У.Т., Бекешев Д.Д., Измалкова А.Н. жана Бакиров М.И. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кочкоров У.Т., Бекешев Д.Д., Измалкова А.Н. жана Бакиров М.И. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Мыйзамдын долбоорунда 2016-жылдын 1-январынан баштап КНС төлөөчүлөр үчүн сатуудан салыкты жоюу каралган. Баалоо боюнча, бул Мыйзам кабыл алынса бюджеттин жоготуулары 2016-жылы 5,9 млрд. сомдун тегерегинде болот.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине интеграциясынын шартында бюджеттин жоготуусунун ордун толтуруу үчүн альтернативдүү булактар жок эле бул мыйзам долбоорун кабыл алуу кирешелердин болжолу аткарылбай калышына жана бекитилген бюджеттин тартыштыгынын көбөйүшүнө алып келээрин айтып коюу зарыл.

Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринде толуктап иштеп чыкканда ага редакциялык мүнөздө, ошондой эле Өкмөттүн өкүлдөрүнүн сунуштары боюнча да өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген. Бирок сатуудан салыкты этап менен жоюу зарылдыгы жөнүндө сунуш колдоого алынган эмес жана мыйзам долбоору экинчи окулушунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5374-V токтому менен кабыл алынган.

Ушуну менен бирге, бюджеттин киреше бөлүгүнүн алынбай калуусун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга карата фискалдык саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна мыйзам долбоорунун сатуудан салыкты этап менен жоюуну караштырган альтернативдүү варианты киргизилген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 587 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому).