Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 520 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында мамлекеттик бюджеттин кирешелерин эсепке алууну жана бөлүштүрүүнү жүргүзүү тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама мамлекеттик бюджеттин кирешелерин, активдер жана милдеттенмелер менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешелерди, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар кандай деңгээлдериндеги бюджеттеринин ортосундагы кирешелерди жөнгө салуу тартибинде бөлүштүрүүнүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасынын органдарынын (мындан ары - Казыналык системасынын органдары) бажы алымдарынын суммасын чегерүүсүн жана бөлүштүрүүсүн жүргүзүүсүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Нускамада төмөндөгү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) Казыналыктын автоматташтырылган системасы (мындан ары - КАС) - программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын кассалык тейлөө боюнча маалыматтарды генерациялоону, иштеп чыгууну, өткөрүп берүүнү, кабыл алууну, сактоону камсыздоочу методдордун жана жол-жоболордун комплекси жана Казыналык системасында автоматташтырылган эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү;
2) бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүн тескөөчү - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, өзүнүн карамагында бюджеттин кирешелеринин тескөөчүлөрүнө ээ болгон жана (же) бюджеттин кирешелерин тескөөчү болуп саналган башка уюм;
3) банк-агент - Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жана Казыналык системанын органдарына банк кызматтарынын белгилүү бир тизмесин көрсөтүү боюнча конкурстук тооруктун натыйжасында тандалып алынган коммерциялык банк, ал кызматтарга акы төлөө жана кызмат көрсөтүү шарттары түзүлгөн келишимдердин негизинде белгиленет;
4) ички казыналык тапшырма (мындан ары - ИКТ) - казыналык аспап, ал аркылуу Казына системасынын бир органынын ичиндеги каражаттарды (ресурстарды) которуу ишке ашырылат;
5) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасынын бирдиктүү эсеби (мындан ары - Казыналык системасынын бирдиктүү эсеби) - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына (мындан ары - Борбордук казыналык) бюджеттик кирешелерди эсепке алуу жана бөлүштүрүү, ошону менен бирге бирдиктүү бажы тарифинин бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү үчүн ачылган эсеп;
6) бюджет кирешелеринин түшүүлөрүн тескөөчүнүн башка салыктарды же салык төлөөчүнүн алдындагы карызын төлөө үчүн казыналыктын региондук бөлүмдөрүнө берилүүчү ашыкча төлөнгөн/өндүрүлгөн кирешелердин суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү корутундусу - документи;
7) алынып келинген бажы алымдарынын акчалай каражаттарын төлөөчүгө кайтаруу табыштамасы - бажы алымдарынын каражаттарын төлөөчүнүн эсеп-кысабына которуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү документ;
8) карызды төлөөнүн эсебинде эсепке алууга табыштама - төлөөчүнүн бажы алымдары боюнча карызды тындыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берүүчү документ;
9) казыналык корутунду - салыктык эмес төлөмдөр (финансылык эмес активдер) боюнча жаңылыш чегерилген сумманы кайтарып берүүнү же ашыкча төлөнгөн салыктык эмес төлөмдү (финансылык эмес активди) төлөмдүн башка түрүнө которууну ишке ашыруу үчүн арналган казыналык аспап;
10) казыналык эсеп китеби (мындан ары - КЭК) - Казыналык системасында ишке ашырылуучу операцияларды, (баштапкы бухгалтердик өткөрүүлөрдү), банк-агенттен, ошондой эле казыналык аралык тапшырма, ички казыналык тапшырма аркылуу алынган күнүмдүк банктык отчеттун (көчүрмө) негизинде киргизилүүчү жазууларды аналитикалык эсепке алууну каттоо;