Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 706 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартиби (мындан ары - Тартип) токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде, ошондой эле мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо токой жайгаштыруунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт.
2. Токой жайгаштыруу токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо ишке ашырылат.
3. Токой жайгаштыруу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) токой жайгаштыруучу уюму тарабынан келишимдик негизде уюштурулат жана жүргүзүлөт.
4. Токой жайгаштырууда токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине инвентаризация жүргүзүлөт.
Токой жайгаштыруу материалдарынын негизинде баалуулугу аз жерлерди мыйзамдарда белгиленген тартипте кыйла баалуу жерлерге которуу ишке ашырылат.
5. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар:
Автордук көзөмөл - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токой чарба ишин регламенттештирүүчү токой жайгаштыруу долбоорлорунун ишке ашырылышына жүргүзүлүүчү контроль.
Долбоордун автору - токой жайгаштыруу жумуштарынын бардык циклинин жетекчиси.
Бөлүкчө - мамлекеттик токой фондусуна, токой фондусуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына кирген да жана кирбеген токойлордун минималдуу чарбалык бирдиги, токой кварталынын бөлүгү.
Геодезиялык материалдар - карталарды түзүү жана кеңдиги, узундугу жана абсолюттук бийиктиги боюнча картадан объекттердин абалын аныктоо үчүн геодезиялык сүрөткө тартуулардын натыйжасында алынган материалдар.
Чек ара мамылары - мамлекеттик токой фондусунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин сырткы чек араларында орнотулуучу накталай токой жайгаштыруу белгиси.
Табигый жаңылануу (токойдун жаңылануусу) - токой түркүмдөрүндөгү дарак өсүмдүктөрүнүн муундарынын үзгүлтүксүз алмашуу процесси, ошондой эле токой өсүмдүктөрүнүн алар мурда өскөн жана табигый же анторопогендик факторлордун натыйжасында жок кылынган аймактарда өсүүсү жана калыптануусу.