Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 20-ноябры № 787

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы

Улуттук илимдер фонду жөнүндө

Илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүнү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүнү камсыз кылуу максатында, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү  жана илим министрлигинин алдындагы

 Улуттук илимдер фонду жөнүндө