Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 19-августу № 590
Кыргыз Республикасында пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо үчүн шарт түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү конкурсун уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү үчүн башкаруучу компанияларды тандоо конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо эрежелери, 4-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн тартиби, 5-тиркемеге ылайык;
- Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруунун типтүү келишими, 6-тиркемеге ылайык;
- Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим, 7-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча топтомо пенсиялык бөлүктү финансылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.