Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 817
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212, 2019-жылдын 3-июлундагы № 337, 2020-жылдын 20-январындагы № 15, 2020-жылдын 24-августундагы № 439, 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2022-жылдын 20-майындагы № 271, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699, 2024-жылдын 22-августундагы № 495 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине кызматташуу профилине ылайык эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар (мындан ары - эл аралык уюмдар) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 1-тиркемеде аталган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- эл аралык кызматташтыктын ар кандай маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу, анын ичинде мамлекеттик ички макулдашуу;
- эл аралык уюмдар тарабынан ар кандай деңгээлдерде өткөрүлүүчү иш-чараларга өкүлчүлүк кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын көмөгү менен Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын реестрин түзсүн;
- ведомстволор аралык комиссия түзсүн жана ага төмөнкү функцияларды жүктөсүн:
эл аралык уюмдар менен кызматташтык жөнүндө отчетторду жыл сайын текшерүү;
кызматташтыктын натыйжалуулугун баалоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине андан ары катышуусунун максаттуулук маселелерин кароо;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегин алардын финансылык эрежелеринде каралган мөөнөттөрдө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2621 "Эл аралык уюмдарга төгүмдөр" чыгымдар беренеси боюнча каражаттардын эсебинен саясий, экономикалык маанилүүлүктү жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны андан ары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитүү үчүн жөнөтүү максатында түзүү;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилген эл аралык уюмдардын банктык реквизиттеринин тизмесин түзүү;
бюджетке төлөө биринчи кезекте жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине киргизилген эл аралык уюмдардын финансылык эрежелери менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин камсыздоо;
эл аралык уюмдардын алдындагы карыздарды реструктуризациялоо же жоюу менен байланышкан маселелерди кароо;