КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 20-ноябры № 786
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-июнундагы № 443 "2020-жылга чейин гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышындагы "2012-2014-жылдарга" деген цифралар жана сөз алып салынсын;
- 1-пунктта:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы (мындан ары - Иш-аракеттердин улуттук планы) 5-тиркемеге ылайык.";
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ушул министрлик тарабынан бекитилген форма боюнча Улуттук стратегиянын жана Иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.";
- 3-пунктта:
биринчи абзацындагы "Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги" деген сөздөр "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;