Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 11-апрели № 185

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында камсыздандыруунун ислам принциптерин кийин киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 "Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жободо:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандырууга (такафул) ылайык камсыздандыруу тартибин аныктайт.";

- 1-главанын аталышы "объекттери" деген сөздөн кийин ", максаттары" деген сөз менен толукталсын;

- 6-пунктта:

1) 8 жана 9-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) мудараба модели - бүтүм, мындай учурда бир тарап (камсыздалуучу) капиталын (акча каражатын) берет, ошол эле учурда экинчи тарап (такафул-компания) капиталды кабыл алат жана киреше алуу максатында каражатты башкарат, алар келишимге ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт;

"9) жалпы такафул - белгилүү бир окуялар келип чыккан жана камсыздалуучунун мүлктүк тобокелдиктерин камтыган төлөмдөрдү төлөөгө багытталган камсыздандыруу;";

11-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: